Барбадос
Барбадос | |||||
| |||||
Урааны: «Pride and Industry (Кадыр-барк жана тырышчаактык)» | |||||
Гимн: «In Plenty and In Time of Need» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 30-ноябрь 1966-жыл | ||||
Расмий тили | англис тили | ||||
Борбор шаары | Бриджтаун | ||||
Ири шаарлар | Бриджтаун | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президент Премьер-министр |
Сандра Мейсон Миа Моттли | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы |
183-орун - дүйнөдө 439 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы |
281,998 адам (174-орун) 660 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
5,436 млрд $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
6,220 млрд $ 21,442 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,813 (жогору) (56-орун) | ||||
Этнохороним | барбадостук, барбадостуктар | ||||
Акча бирдиги | Барбадос доллары (BBD,код 52) | ||||
Домени | .bb | ||||
ISO коду | BB | ||||
ЭОК коду | BAR | ||||
Телефон коду | +1-246 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC -04:00 | ||||
Барбадос (англ. Barbados), расмий аталышы — Барбадос Республикасы (англ. Republic of Barbados) — Кариб деңизинин түштүгүндө, Венесуэланын жээгинен алыс эмес жайгашкан, арал мамлекети.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Барбадос» аталышы партулагал тилиндеги «Os Barbados» (порт. Os Barbados) же испан тилиндеги «Los Barbados» (исп. Los Barbados) сөздөрүнүнөн келип чыккан. Бул эки сөз эки тилден тең которгондо «сакалчан» деген маанини билдирет[1]. Кээ бир маалыматтарга ылайык, «сакалчан» деген сөз, аралда өскөн тамырлары узун жана салбырап турган фикустун тамырларынан улам ушундай аталып калган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадоско биринчи отурукташкандар индей көчмөндөрү болгон. Миграциянын үч толкуну арал аркылуу өтүп, андан кийин Түндүк Американы көздөй багыт алган. Биринчи толкунга 350 жылдары Ориноко дарыясынын өрөөнүнөн аралга каноэ менен сүзүп келгендерге Венесуэланын жергиликтүү тургундары саладоиддер-барранкоиддер тобунун өкүлдөрү кирген. Алар дыйканчылык, балык уулоо жана керамикалык буюмдарды жасоо менен алектенишкен.
Кийинчерээк, болжол менен 800-жылы, Түштүк Американын аймагынан аравак уруусунун индейлери аралга келишкен. Аралдагы аравак уруусунун өкүлдөрү отурукташкан конуштар — Страуд-Пойнт, Чендлер-Бэй, Сент-Люкс-Галли жана Мэпс-Кейв. Башка коңшу аралдардан келген уруунун урпактарынын жазуу эстеликтеринин маалыматтарына ылайык, арал алгач Ичиригоуганаим деп аталган. XIII кылымда аралга кариб уруусунун индейлери келип, алардан мурун отурукташкан эки урууну тең аралдын аймагынан сүрүп чыгарышкан. Кийинки бир нече кылымдар бою кариб индейлери, алардан мурун аралда жашаган аравак жана саладоидлер-барранкоиддер уруулары сыяктуу эле обочолонгон жашоо сүрүшкөн.
1536-1550-жылдары испан конкистадорлору аралдагы көптөгөн аймактарды басып алышып, кариб улутундагы адамдарды плантацияларда кул катары колдонушкан. Айрым кариб улуттундагы адамдар аралдан качып кетүүгө жетишишкен[2].
1620-жылдары аралдагы азыркы Хоултаун шаарынын жанына кеме менен келип түшүшкөн британиялыктар аралда туруктуу жашаган адамдарды табышкан эмес. 1627-1628-жылдары биринчи британиялык отурукташкандардан 1966-жылы эгемендүүлүк алганга чейин Барбадос Британиянын көзөмөлүндө болгон[2]. Британиянын империялык саясатына карабастан, Барбадос кеңири автономияга ээ болгон. Мыйзам чыгаруу палатасы аталыштагы парламенти 1639-жылы түптөлгөн.
1620-жылдардан тартып аралга көптөгөн кара терилүү кулдар алынып келинген. 1647-жылы ысытма оорусунун 5000 жергиликтүү тургун каза болгон, ал эми 1640-жылдардагы англис революциясы учурунда, эгер парламент бийликти өз колуна алса Левеллер кыймылынын идеялары кулдар арасында жайылып кетиши мүмкүн деген тынсыздануулардын артынан кулдардын ондон бир бөлүгү,плантатор роялисттер тарабынан өлтүрүлгөн.
Ошол убакта аралга көптөгөн кызматкерлер келишимдин негизинде иштөө үчүн көчүп келишкен, алардын көбү Ирландиянын жана Шотландиянын тургундары болушкан. Мындан тышкары, 1659-жылы аралга өз калоосу менен келген шотландиялыктар жана ирландиялыктардын саны өскөн. Англиянын королу Якова II жана Стюарт династиясынын башка королдору учурунда аралга шотландиялык жана англис тектүү жумушчулар жана камактагы адамдар алынып келинген, мисалы, 1685-жылы Англиядагы Монмут козголоңун катышуучулары Барбадоско сүргүнгө айдалышкан. Алардын азыркы урпактары өздөрүн «кызыл буттулар» (англ. Redlegs) деп аташат жана азыркы Барбадостун калкынын жакыр катмарынын бирин түзүшөт[3].
Африкадан алынып келген адамдар жергиликтүү климатка жакшыраак ыңгайлашкандыктан, тропикалык ооруларга каршы иммунитетке ээ болгондуктан жана ак терилүү адамдардын арасында көчүп кетүүлөрдүн көп болусунан улам XX кылымдын башында Барбадостун калкынын көп бөлүгүн кара терилүү адамдар түзгөн.
Кант индустриясы аралдагы негизги коммерциялык багыт болуп калгандыктан, Барбадостогу биринчи британиялык көчмөндөрдүн кичинекей талаалары бириктирилип чоң плантацияларга айланган. Жер которгон дыйкандардын айрымдары Түндүк Американын Британ колонияларына, айрыкча Түштүк Каролинага көчүп кетишкен. Плантацияларда иштөө үчүн Батыш Африкадан кулдар Барбадоско жана Кариб деңизинин башка аралдарына алынып келинген.
Кулдарды сатуу 1804-жылы токтотулган. Бирок, мурунку кулдарга болгон адилетсиз мамилелер 1816-жылы аралдын тарыхындагы эң ири кулдардын көтөрүлүшүнө алып келген. Эркиндик үчүн көтөрүлүштө миңге жакын адам өлүп, 144 адам өлүм жазасына тартылып, дагы 123 адам королдун армиясы тарабынан депортацияланган. 18 жылдан кийин, 1834-жылы Британиянын колонияларында кулчулук толугу менен жоюлган. Барбадосто жана Вест-Индиядагы башка британ колонияларында кулчулуктан толук боштондукка чыгуу алты жылдык окуудан кийин болгон.
Бирок, кийинки жылдары, шайлоого добуш берүүдө мүлктүк баалуулуктун чекталабынын (ценз) аркасында плантация ээлери жана британиялык соодагерлер жергиликтүү саясатта үстөмдүк кылышкан. Калктын 70% дан ашыгы, анын ичинде жарандык укугу жок аялдар демократиялык процесстен толугу менен четтетилген. Мыңдай тенсиздик 1930-жылдарда боштондукка чыккан кулдардын урпактары саясий укуктарга ээ болуу максатындагы кыймыл уюштурганга чейин болгон. Бул кыймылдын башчыларынын бири Барбадос эмгек партиясын, (кийинчерээк 1938-жылы Барбадос прогрессивдүү лигасы деп аталган) негиздеген Грэнтли Адамс болгон. Монархиялык башкаруунун колдоочусу болгонуна карабастан, Адамс жана анын партиясы жакырларга чоң укуктарды талап кылган. 1942-жылы мүлктүк баалуулуктун чекталабы (ценз) төмөндөтүлүп, аялдар шайлоо укугуна ээ болгонго жетишкен. 1949-жылы плантация ээлеринен бийлик толугу менен алынып, 1958-жылы Адамс өлкөнүн премьер-министри кызматына келген.
1958-1962-жылдары Барбадос Британ колонияларынын көз карандысыздыгын жактаган улутчул Вест-Индия федерациясынын он мүчөсүнүн бири болгон. Монархиялык системаны жактаган Адамс элдин ошол убактагы саясий талабына жооп татыктуу болгон эмес. Ири реформатор Эррол Барроу Адамстын партиясынан чыгып, Барбадостун прогрессивдүү лигасына либералдык альтернатива катары Демократиялык эмгек партиясын негиздеген жана 1961-жылы Адамстын ордуна премьер болуп келген.
Федерациянын жоюлушу менен Барбадос өзүн-өзү башкарган колония макамына кайтып келген. 1966-жылы июнда арал Улуу Британия менен көз карандысыздык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, 1966-жылы 30-ноябрда аралдын көз карандысыздыгы расмий жарыяланып, Эррол Барроу анын биринчи премьер-министри болуп дайындалган. Экинчи өкмөт башчысы, Грэнтли Адамстын уулу Том Адамс 1976-1985 жылдары оңчул америкалык саясатты жүргүзгөн. 1983-жылы АКШнын Гренадага басып киришине катышкан жана жардамын берген. Саясаттыга ушундай окуялардан кийин, лейбористтик өкмөттүн саясаты центристтик багытта өнүккөн.
2021-жылдын 30-ноябрында Барбадос Британ таажысынын бийлик үстөмдүгүн расмий түрдө жоюп, бийлик үстөмдүгүн өлкөнүн Президентине мыйзамдуу түрдө берген. Мааракеге арналган салтанатта ырчы Рианнага республиканын улуттук баатыры наамы ыйгарылган.
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадос аралы Кичи Антил аралдарындагы эң чыгышкы аралы. Анын узундугу 34 км, туурасы 23 км, аянты 439 км²[4]. Барбадос Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадиндер өлкөлөрүнөн 168 км чыгышта, Мартиникадан 180 км түштүк-чыгышта жана Тринидад жана Тобагодон 400 км түндүк-чыгышта жайгашкан.
Барбадос аралынын бети батыштагы коңшу Айдарым аралдары салыштырмалуу түз келет. Аралдын Шотландия району деп аталган борбордук аймагы тоолуу болуп жана бийиктиги деңиз деңгээлинен 340 метрге жеткен Хиллаби тоосу ушул аймактан орун алган[5].
Геология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадос Түштүк Америка менен Кариб литосфералык плиталарынын чек арасында жайгашкан[6]. Түштүк Америка плитасынын менен Кариб плитасынын чектешкен жеринде Түштүк Америка плитасы Кариб плитасынын астында орун алган жана бул Барбадостун 1000 жыл ичинде болжол менен 25 мм деңиз деңгээлинен жогорулашына алып келет[7].
Барбадос арылынын айланысынын бөлүгүн коралл рифтери курчап турат. Аралдын түндүк-чыгышындагы Шотландия районундагы акиташтын эрозиясынан улам ар кандай үңкүрлөр жана мурун суу аккан жерлерде нуктар пайда болгон. Аралдын чыгыш жээгиндеги рельефтер негизи акиташ заттарынан турган майда дөбөлөр орун алган. Ошондой эле аралда Пико Тенерифе же Пико де Тенерифе деп аталган аскалуу аймак бар[8].
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өлкөдө эки мезгилди байкаса болот. «Суук мезгил» деп аталган мезгил июндан декабрга чейин созулат, ал эми «кургак мезгил» декабрдан майга чейин созулат. Жылдык жаан-чачын 1000ден 2300 ммге чейин. Декабрдан майга чейин орточо температура 21-31°C, ал эми июндан ноябрга чейинки орточо температура 23-31°C[9].
Көппендин климаттык классификациялык шкаласы боюнча Барбадостун көпчүлүк бөлүгү тропикалык муссондук климаттын таасири астында. Ылдамдыгы 12-16 км/саатка жеткен шамалдар жылы бою көп болуп турат.
Табигый коркунучтарга жер титирөөлөр жана жер көчкүлөрдөн тышкары дайыма болуп турган бороондор кирет. Барбадос Атлантика океанындагы тропикалык циклондордун активдүү пайда болуп турган аймагынан оолак жайгашкандыгына байланыштуу жана жаан-чачындуу мезгилде аймактагы бороон-чапкындардын кесепеттеринен сакталып турат. Барбадос аралында орточо эсеп менен 26 жылда бир жолу катуу бороон-чапкын катталып турат. Барбадоска катуу зыян келтирген акыркы катуу бороон 1955-жылы болгон Жанет бороону болгон.
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2021-жылдын 30-ноябрына чейин мамлекет башчысы Елизавета II болуп саналган, аралда анын бийли генерал-губернатор тарабынан жүргүзүлгөн. 2020-жылы 16-сентябрь, премьер-министр Миа Моттли Британ таажысынын бийлигинен баш тартып, Барбадосту республикага айлантуу планын жарыялаган[10]. 2021-жылдын 30-ноябрынан тартып Барбадос республика болуп саналат жана мамлекет башчысы болуп парламент тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган президент эсептелет[11].
Мыйзам чыгаруу бийлиги Жыйындар палатасынан (28 мүчөсү 5 жылга шайланат) жана Сенаттан (21 сенатор) турган парламентке таандык. Сенаттын 12 мүчөсү премьер-министрдин сунушу боюнча, 2 мүчөсү парламенттин төмөнкү палатасында оппозициялык партиянын лидеринин сунушу боюнча, 7 мүчөсү республиканын президентинин сунушу боюнча дайындалат).
Аткаруу бийлигин мурда генерал-губернатор тарабынан дайындалган, парламенттик көпчүлүк партиясынын лидери премьер-министр башында турган өкмөт ишке ашырат. Барбадос Эмгек партиясы, Демократиялык эмгек партиясы жана Улуттук демократиялык партия аталышындагы ири саясий партиялар саясий иш-чараларга активдүү катышып келет.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадос административдик-аймактык жактан 11 коомчулакка (англ. parish, орус. приход) бөлүнөт[12].
|
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 92,4 % — кара терилүү адамдар жана мулаттар
- 3,1 % — аралаш никеден туулгандар
- 2,7 % — ак терилүү адамдар
- 1,3 % — индиялыктар
- 0,5 % — башка калктар
Барбадостун калкынын саны 281,998 адам. Калктын өсүшү 0,23% (2020-жылдагы маалыматтар боюнча). Калктын 90% жакыны кара терилүү, өздөрүн бэйджанс (Bajans) деп атаган кант камышынын плантацияларында иштеген кулдардын тукумдары. Калктын калган бөлүгүнө европалыктар, азиялыктар, индиялыктар жана Жакынкы Чыгыштан, негизинен Сирия менен Ливандан көчүп келгендердин урпактары кирет.
Башка улуттук топторго АКШдан, Канададан, Улуу Британиядан же Латын Америкасынан келгендер кирет. АКШдан кайтып келген барбадостуктарды «янк-бэйджанс» деп аташат. Бул терминди кээ бирөөлөр кемсинтүү катары кабыл алышы мүмкүн.
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Англис тили Барбадостун расмий тили болуп саналат жана аралдын бардык аймактарында администрациялык жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө колдонулат. Өлкөнүн расмий тили болгон англис тилинин стандарты сөз байлыгы, айтылышы, жазылышы жагынан британ англис тилине окшош. Бирок көпчүлүк адамдар күнүмдүк жашоосунда «бэйджан» (Bajan) деп аталаган англис тилинин диалектин колдонушат.
Диний курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тургундардын 75,6% христиан динин тутушат. Англикан чиркөөсү Барбадостун эң ири диний агымы болуп саналат, 70 000 жакын активдүү жолдочулары бар. Жетинчи күндүн адвентисттери 16000 активдүү жолдочулары менен Барбадостого экинчи орундагы диний агым. Үчүнчү орунда католиктер турат, алардын саны 11000 адам.
Элүүнчү күн агымынын жолдочуулары, методисттер, баптисттер жана аз сандагы индуизм жана ислам динин тутунгандар бар[13].
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадос жан башына карата ИДӨ боюнча дүйнөдө 52-орунда турат[14]. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Барбадос дүйнөдөгү 83 жогорку кирешелүү экономикалардын бири[15].
Барбадос Республикасы АДӨИ, сабаттуулук, билим берүү, киреше жана жашоо узактыгы боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бири. Түндүк Америка аймагында Барбадостон социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча 4 гана мамлекет өйдө турат— АКШ, Канада жана Панама. Барбадос — эл аралык кызматтарга адистешкен өнүгүп келе жаткан мамлекет.
Барбадостун экономикасы тарыхый жактан караганда дайыма кант камышын өстүрүүгө жана ага байланыштуу багыттардан көз каранды болгон. 1980-жылдардын ортосунда экономика бийликтин саясатынан улам бир аз кыйынчылыктарга туш болгон, бирок ЭВФ сунушу боюнча структуралык трансформация пакетин ишке ашыргандан кийин экономикасы өсүшкө кайтып келген. Анын үстүнө, экономикасы туризм, жеңил өнөр жай индустриясын көбөйтүү жагына ийгиликтүү диверсификацияланган. Аралда оффшордук каржы жана маалымат институттары көп кездешет. 1990-жылдардын аягынан бери аралда курулуш сектору дагы дүркүрөп өсүп келе жаткан багыттардын бири.
Өкмөт жумушсуздук менен күрөшүүнү улантууда, экономикага чет элдик инвестицияларды тартууда, калган мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүдө. Буга чейин жумушсуздук 14% болсо, ал эми убактарда дагы 10% төмөндөгөн.
Экономиканын негизин кант камышын өстүрүү, шекер экспорту жана туризм түзөт.
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадостун эң чоң маданий окуясы болуп кант камышынын түшүмүн даңазалаган «Crop Over Festival» фестивалы. Фестиваль музыкалык сынактар жана башка салттуу оюн-зооктор менен коштолот. Ал июль айынын башында башталып, август айынын биринчи дүйшөмбүсүндө Кадумент күнү (англ. Kadooment Day) менен аяктайт.
Январь айында ал жаз фестивалын өткөрөт, ага дүйнөнүн бардык бурчунан атактуу музыканттар келип катышып турушат. Октябрь айында Барбадосто жаш жаз сүйүүчүлөрүнүн жолугуушулары болуп турат. Май айынын акыркы эки жумасы кельт фестивалына арналат.
Ушул аралда туулган ырчы Рианна, Барбадостун маданиятынын расмий элчиси.
Музыка
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадостун музыкасы элдик жана популярдуу музыканын өзгөчө улуттук стилдерин, анын ичинде батыштын классикалык жана диний музыкасынын элементтерин камтыйт. Барбадос маданияты африкалык жана британ элементтеринин синкреттик айкалышы жана аралдын музыкасы ырдын түрлөрү жана стилдери, аспаптар, бийлер жана эстетикалык принциптер аркылуу аралашманы чагылдырат.
Спорт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадосто башка Вест-Индиянын аралдарына караганда англис маданиятынын таасирине терең. Улуттук спорт оюну болуп саналган крикет буга эң сонун мисал болот.
Барбадостон, Гарфилд Соберс (англ. Garfield Sobers) и Фрэнк Уоррелл (англ. Frank Worrell) сыяктуу бир нече белгилүү крикет оюнчулары чыккан. 2007-жылы Барбадосто крикет боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Ошондой эле аралда жыл сайын гольф оюну боюнча Barbados Open атылышындагы мелдеш өткөрүлүп келет.
Майрамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1-январь — Жаңы жыл[16][17]
- 21-январь — Премьер-министр Эррол Барроунун күнү[17]
- Марттын аягы - апрелдин башы — жакшы жума[16][17]
- Марттын аягы - апрелдин башы — Пасха дүйшөмбүсү[16][17]
- 1-май — Эмгек күнү[16][17]
- Пасха майрамынан кийинки сегизинчи дүйшөмбү — Рухтар күнү[16][17]
- Августтун биринчи дүйшөмбүсү — Кадумент майрамы[16][17]
- Октябрдын биринчи дүйшөмбү — Бириккен Улуттар Уюмунун күнү[16][17]
- 30-ноябрь — Эгемендүүлүк күнү[16][17]
- 25-декабрь — Рождество[16][17]
- 26-декабрь — Жаңы жылдык белектер күнү[16][17]
Социалдык тармагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Билим берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Барбадостун жарандарынын сабаттуулук деңгээли 100% жакын[18]. Барбадостун негизги билим берүү системасы Британиянын үлгүсүндө негизделген. Барбадос Өкмөтү ИДӨ 6,7% билим берүүгө жумшайт[19].
Өлкөдөгү бардык 16 жашка чейинки балдардын мектептерде билим алуусу милдеттүү болуп санадат. Барбадоста 70 ашуун башталгыч жана 20 ашуун орто мектептер бар.
Бир катар жеке менчик мектептер бар, алардын ичинде Монтессори жана эл аралык бакалавриат системасында билим берүүнү сунуштаган мектептер да бар. Бул мектептерде окуучулардын саны мамлекеттик мектептердин жалпы окуучуларынын 5% азыраагын түзөт.
Жогорку билим берген бир нече мамлекеттик жана чет элдик окуу жайлар дагы бар.
Саламаттыкты сактоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шериктештиктин башка өлкөлөрүндөй эле, Барбадостун жарандарына медициналык кызмат көрсөтүү өкмөт тарабынан каржыланат. Медициналык мекемелерине Бриджтаундагы Елизаветтанын ооруканасы жана өлкө боюнча 20дан ашык клиникалар кирет.
Улуттук символдор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]-
Желеги
-
Герби
-
Caesalpinia pulcherrima
-
Гимни
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Amos Kidder Fiske. The West Indies: A History of the Islands of the West Indian Archipelago, Together with an Account of Their Physical Characteristics, Natural Resources, and Present Condition
- ↑ 2.0 2.1 Hilary McD. Beckles. A History of Barbados: From Amerindian Settlement to Caribbean Single Market
- ↑ The ‘Redlegs’ of Barbados
- ↑ BBC. Barbados country profile
- ↑ Encyclopaedia Britannica. Barbados
- ↑ Geologic History of Barbados Beaches
- ↑ Barbados Sightseeing - Animal Flower Cave
- ↑ Pico Teneriffe
- ↑ BBC Weather Centre. Bridgetown, Barbados
- ↑ На Барбадосе избрана первый президент после отказа от власти Елизаветы II
- ↑ Владений британской короны стало меньше. Барбадос стал республикой, Елизавета II больше не глава островной нации
- ↑ New Cabinet of Barbados
- ↑ International Religious Freedom Report 2008. Barbados
- ↑ International Monetary Fund. Barbados
- ↑ World Bank – Country Groups
- ↑ 16.00 16.01 16.02 16.03 16.04 16.05 16.06 16.07 16.08 16.09 List of Holidays in Barbados
- ↑ 17.00 17.01 17.02 17.03 17.04 17.05 17.06 17.07 17.08 17.09 17.10 Barbados Public Holidays
- ↑ Data for the Sustainable Development Goals
- ↑ CIA. The World Factbook. Barbados
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Барбадостун Өкмөтүнүн расмий сайты
- Барбадостун Өкмөттүн маалымат кызматы
- Барбадостун парламенти
- Барбадостун туризм боюнча расмий сайты
- Барбадостун борбордук банкы
- Барбадостун соода жана өнөр жай палатасы
- Барбадос инвестициялык жана өнүктүрүү корпорациясы
- Барбадостун деңиз кемелеринин реестри
- Барбадостун тарых музейи
Түндүк Америка мамлекеттери | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | |
Көз каранды аймактар | Америка Виржин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британия Виржин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери |
Улуттар Шериктештиги | |
---|---|
Мүчөлөрү |
Австралия • Антигуа жана Барбуда • Багамдар • Бангладеш • Барбадос • Белиз • Ботсвана • Бруней • Вануату • Гайана • Гана • Гренада • Доминика • Жамайка • Жаңы Зеландия • Замбия • Индия • Камерун • Канада • Кения • Кипр • Кирибати • Лесото • Маврикий • Малави • Малайзия • Мальдивдер • Мальта • Мозамбик • Намибия • Науру • Нигерия • Пакыстан • Папуа-Жаңы Гвинея • Руанда • Самоа • Сент-Люсия • Свазиленд • Сейшел Аралдары • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • Сингапур • Соломон Аралдары • Сьерра-Леоне • Танзания • Тонга • Тринидад жана Тобаго • Тувалу • ТАР • Уганда • Улуу Британия • Фижи1 Шри-Ланка |
Мурдагы мүчөлөр | Ирландия |
1 Мүчөлүгү токтотулду |